​Ички дүң өндүрүм 5 пайызга жогорулады

10-Окт. 2017, Шейшемби, 11:14

9 айдын ичинде өлкөнүн ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) 5 пайызга жогорулап, 335 млрд. сомду түздү. бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текеева билдирди.

Анын айтымында, өндүрүш продукциясынын көлөмү 160 млрд. 993,9 млн. сомду камсыздаган.

“Үстүбүздөгү жылдын 9 айында ИДӨ 334 млрд. 983,9 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга жогорулаган. Кумтөр ишканасын эске албаганда ИДӨ 302,2 млрд. сомду камтып, өсүү 3,6 пайыз болгон. ИДӨнүн негизги үлүшүн тейлөө тармагы түзөт, өнөр-жайга тийиштүү бөлүгү 19 пайыз, айыл чарбасына 15 пайыз, ал эми курулуш жааты 7 пайызды камсыздаган”,-дейт Текеева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!