​Жашоо минимуму болгону 61 сомго өстү

11-Окт. 2017, Шаршемби, 14:39

Өлкөдө жашоо минимуму 61 сомго өсүп 4 миң 855 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, үчүнчү кварталда Кыргызстанда жашоо минимуму жан башына орточо 4 миң 855 сомду түздү. Эл эми 2016-жылы калктын орточо жашоо минимуму 4 миң 794 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, жыл башындагы Экономика министрлиги 2017-жылдын аягында жашоо минимуму 5 миң 554 сом болооору болжолдогон.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда айлык акынын орточо көлөмү 14 миң 800 сомду түзөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!