Россияга жөнөтүлгөн өрүк артка кайтарылды

12-Окт. 2017, Бейшемби, 09:43

Россияга Кыргызстандан барган 20 тонна кара өрүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Россиянын Айыл-чарба товарларын көзөмөлдөө департаментти билдирет.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан барган жүктүн таңгагында маркировкасы, экспортчу тууралуу маалыматтары жок болуп чыккан. Ошол себептүү жүк Россиянын аймагында сатууга тыюу салынып, артка кайтарылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!