​Бюджетке баалуу кагаздардан 11,2 млрд. сом түшкөн

12-Окт. 2017, Бейшемби, 10:13

Жыл башынан бери бюджетке мамлекеттик баалуу кагаздардан 11,2 млрд. сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, баалуу кагаздардын ичинен эң баалуусу мамлекеттик казналык облигациялар болду. Аталган облигациядан 7 млрд. 614,57 млн. сом киреше кирген. Анын ичинен эки жылдык мамлекеттик казналык облигациядан 2,4 млрд. сом. үч жылдык облигациядан 1,4 млрд. сом, беш жылдыктан 1,9 млрд. 7 жылдыктан 1,78 млрд. сом казынага түшкөн.

Ал эми мамлекеттик казналык векселден 3,6 млрд. сом пайда көрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!