​Инфляциянын деңгээли 1,2 пайызды түздү

12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:07

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөдөгү инфляциянын деңгээли 1,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жыл башынан бери чылымдын баасы 20 пайызга, кызмат көрсөтүү 6,2 пайызга, жогорулган. Ал эми алкоголдук ичимдиктер 3,8 пайызга арзандаган.

Аймактардын ичинен баанын өсүүсү Ош областында жогору болуп 5,7 пайызды түздү. Баанын өсүүсү негизинен чылым продукцияларынын баасы 1,6 эсе, тамак- аш эмес товардын наркы 5,6 пайызга жана азык-түлүктүн баасы 4,4 пайызга кымбаттаганына байланыштуу болгон.

Эскерте кетсек, 2016-жыл 0,5 пайыз дефляция менен аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!