Инвестицияларды тартуу агенттигин өкмөт көзөмөлдөйт

12-Окт. 2017, Бейшемби, 17:06

Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик (ИТА) өкмөттүн курамына өзүнчө ведомство катары кирет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында учурда инвестицияларды тартуу Кыргызстан үчүн эң маанилүү.

ИТА ведомство түрүндөгү ири түзүмгө айланат. Бул ведомствону мен көзөмөлдөйм. Себеби инвестор келип, президент же өкмөт башчы менен сүйлөшө турганын айтат. Биз сиздер менен бирге күнү-түнү иштейбиз”, - дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!