​Экономикада аз да болсо жылыш бар

13-Окт. 2017, Жума, 11:55

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ички дүң өндүрүмдүн көлөмүндө 5 пайызга жогорулоо болуп, инфляциянын деңгээли 1,2 пайызды түзгөн. Ошону менен бирге мамлекеттин ички сырткы-карызы да өсүп, жалпы көлөмү 4 млрд. 378,71 млн. долларга жетти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 2017-жылдын үчүнчү кварталында Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү 5 пайызга жогорулап, анын жалпы көлөмү 335 млрд. сомго жеткен.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текееванын айтымында ИДӨнүн жогорулашы өнөр-жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү, металл кендерин, тазаланган мунай продуктуларын, негизги металлдарды, темир эмес минералдык продуктуларды өндүрүү жана азык-түлүк продуктуларын өндүрүүнүн көбөйүшү менен шартталган.

“Үстүбүздөгү жылдын 9 айында ИДӨ 334 млрд. 983,9 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга жогорулаган. Кумтөр ишканасын эске албаганда ИДӨ 302,2 млрд. сомду камтып, өсүү 3,6 пайыз болгон. ИДӨнүн негизги үлүшүн тейлөө тармагы түзөт, өнөр-жайга тийиштүү бөлүгү 19 пайыз, айыл чарбасына 15 пайыз, ал эми курулуш жааты 7 пайызды камсыздаган”,-дейт Текеева.

Экономиканын көрсөткүчү

Өлкөнүн сырткы товар жүгүртүүсүндө алга жылуулар болгонун байкоого болот.

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда 8 айдын ичинде өлкөнүн сырткы товар жүгүртүүсү 12,1 пайызга жогорулап, 3 млрд. 888 млн. долларга жеткен.

Кыргызстандан экспорттолгон товардын көлөмү 24,4 пайызды камтып, 1 млрд. 106,4 млн. долларга өскөн. Өсүү руда жана баалуу металлдардын концентратын жеткирүүнүн көлөмү 21,6 пайызга өскөндүгүнөн болгон. Ошондой эле жылмаланган айнек жана кургатылган жемиштин экспорту 2 эсе, монетарланбаган алтындын 25,7 пайызга өсүшүнүн эсебинен болгон. Импорт 7,8 пайызга жогорулап 2 млрд. 782 млн. өскөн. Анын өсүшү мунай продуктыларынын жана дары-дармек жана техникалык аппараттарды жана ага керектү бөлүктөрдүн келүүсүнүн өсүшүнө байланыштуу болгон.

Ошондой эле расмий маалыматтарга караганда өндүрүш продукциясын өндүрүү өскөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текееванын айтымында, өндүрүш продукциясынын көлөмү 160 млрд. 993,9 млн. сомду камсыздаган.

“2017-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7 пайызга өскөн. Ошондой эле электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 2016-жылдын 9 айына караганда 12,3 пайызга жогорулаган”,- дейт Текеева.

Ошол эле учурда Кыргызстанга акча которуулар өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу 320 млн. долларга, же 20,3 пайызга көбөйгөн.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 8 ай ичинде мигранттардан Кыргызстанга 1 млрд. 581 млн. доллар которулган. Анда Россиядагы мигранттар которгон акчалар басымдуулук кылат. Январь-август айларынын аралыгында Россиядан жөнөтүлгөн акчанын жалпы көлөмү 1 млрд. 552,2 млн. долларды түзгөн. Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө 271,9 млн. доллар жөнөтүлгөн.

Бюджет

Каржы министрлигинин билдиргенине ылайык 9 айдын жыйынтыгы боюнча Республикалык бюджеттин кирешеси 85 млрд. 346 млн. сомду түздү.

Бюджеттин азыркы кездеги кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд. 756,8 млн. сомго жогору болгон. Кирешенин 76 пайызын же 64,88 млрд. сомун салык жыйымдары түзгөн. Анын ичинен Салык кызматы тарабынан 40,5 млрд. сом, ал эми Бажы кызматынан 24,3 млрд сом түшкөн.

Ошондой эле салык эмес түшүүлөрдүн үлүшү 14,2 млрд. сомду түзгөн. Анын ичинен баалуу кагаздардан 11,2 млрд. сом түшкөн.

Ал эми өлкө бюджетинин жарымы социалдык багытка жумшалган.

Расмий маалыматка караганда, өткөн тогуз айда бюджеттен социалдык багыттарга жумшалган чыгымдын жалпы көлөмү 49 млрд. 654,4 млн. сомду түздү. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 424,5 млн. сомго көп. Аталган сумманын 19,9 пайызы социалдык коргоо боюнча долбоорлорго жумшалган, билим берүү тармагына 17,2 пайызы, саламаттыкты сактоого 9,8 пайыз багытталган. Ал эми туризм, маданият жана дин боюнча долбоорлорго 3,1 пайызы керектелген. Ошондой эле турак-жай-коммуналдык чарбаны жакшыртууга бөлүнгөн. Жалпылап алганда сентябрь айынын жыйынтыгы менен социалдык тармакка чыгымдалган каражат бюджеттин 51,5 пайызын түзгөн.

Ошондой эле өлкөнүн эл аралык корунун көлөмү да өскөн.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда сентябрь айынын жыйынтыгында өлкөнүн эл аралык кору 39.56 млн. долларга өскөн. Өткөн жылдагы көлөмгө салыштырмалуу 152,2 млн. долларга көбөйгөн. Өткөн жылы сентябрь айындагы кордун көлөмү 1 млрд. 979 млн. долларга барабар болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!