​Сүт өндүрүү тармагынын жогорулатууга грант алынат

13-Окт. 2017, Жума, 12:45

Өлкөнүн сүт өндүрүү тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплексттүү жогорулатуу долбоорун даярдоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 525,5 миң долларга барабар гранттык каражат алуу пландалып жатат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул каражаттын 70 миң долларга барабар бөлүгү “сүт өндүрүлгөн Ысык-Көл областынан баштап акыркы рынокко жеткенге чейинки нарк кошулмасынын чынжырчасын деталдуу картировкалоо” боюнча консультациялык кызматын алууга жумшоо пландалып жатат.

Консультациялык иштери боюнча тапшырманы 3 айдын аралыгында бүткөрүү керек. Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору айыл чарба өндүрүшү тармагындагы маркетинг боюнча укугу бар консультанттарды аталган долбоорго катышууга чакырат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан "Өлкөнүн сүт өндүрүү тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун ишке ашыруу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциацисынан 5 млн. доллар алат. Анын 2,75 млн. доллары жогорку жеңилдетилген насыя катары бөлүнөт, ал эми 2,25 млн. долары кайтарымсыз грант. Насыянын төлөө мөөнөтү 36 жыл.

Аталган долбоордун максаты - Ысык-Көл областында сүт берүүчү уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатуу жана сүттүн сапатын жакшыртуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!