​Бангладешке айыл чарба азыктары жеткирилет

14-Окт. 2017, Ишемби, 10:30

Кыргызстан Бангладеш өлкөсүнө текстиль чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана ачууну жана Бангладешке экологиялык таза айыл чарба азыктарын жеткирүүнү сунуштады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай сунуш Экономика министри Артем Новиков Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Масуд Маннан менен жолугушуу учурунда болгон.

Жолугушууда эки тарап эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алакалардын келечеги бар экенин белгилеп, бул тармакта кызматташуунун өнүгүшүнө иш жүзүндө аракеттерди көрүүгө кызыктар экенин белгилешти.

Эки тараптуу кызматташтыкты тыгыз өнүктүрүү үчүн келишим-укук базаларын кеңейтүү жана экономикалык жана салык төлөмү багыттарында эки тараптуу бир катар чечүү келишимдерге кол коюуну иштеп чыгууну улантуу керек.

Кыргызстан менен Бангладештин ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү бири-бири менен таанышуу жана пайдалуу бизнес келишимдерин түзүү үчүн эки жактын ишкерлеринин жолугушууларын уюштурулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!