​ЕАЭБ менен соода-сатык 1,5 млрд долларга жетти

14-Окт. 2017, Ишемби, 17:25

Жылдын үчүнү чейрегинин жыйынтыгында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүүсү 13,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылды.

Маалыматка караганда, биримдиктин өлкөлөрү менен болгон товар айлантуу 1 млрд. 515,7 млн. долларды түздү. 2016-жылга салыштырмалуу 13,7 пайызга жогору болгон.

Анын ичинен экспорт 27,5 пайызга өсүп 384,2 млн. долларга жеткен, ал эми биримдиктен кирген өлкөлөрдөн өлкөгө 1 млрд. 131,5 млн. долларга барабар кирген.

Кыргызстандын ЕАЭБдин алкагындагы соода карым-катнашынын негизги үлүшү Россия (58,7 пайыз) менен Казакстанга (39,4 пайыз) тиешелүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!