​Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына кат жөнөтүлдү

17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:14

Казакстан тарап Евразия экономикалык биримдиктин укуктук нормаларын сактабай жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл чараларын киргизиши Евразия экономикалык биримдигиндеги келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келет. Евразиялык экономикалык интеграция жетишкен максаттарга коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда.

Мындан улам Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын дарегине кат жөнөттү. Катта Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган ЕАЭС тууралуу келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги жазылган.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта казак тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жарандардын жана автоунаалардын өтүү шарттары катаалданткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!