​ЕАБР: алтын өндүрүү төмөндөдү

17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:55

Август айынын жыйынтыгы менен алганда алтын өндүрүү тармагы Кырызстандын экономиканын алдыга тартуучу ордун жоготту. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын ай сайын чыгуучу макро талкуусу боюнча докладында айтылат.

Маалыматка караганда, алтын өндүрүү багыты 2017-жылы 7 ай боюуу өлкө экономикасында алдыга сүйрөөчү болуп келген. Аталган металлды өндүрүү 2016-жыдын август айына салыштырмалуу,15,5 пайызга төмөндөгөн. Буга байланыштуу өнөр-жай тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 2,8 пайызга азайган.

Ал эми айыл чарбасы багытындагы эки айлык төмөндөөдөн кийин кайрадан айыл чарбасы экономиканын өсүшүнө жакшы салым кошо башатады.

“Жылдын калган кийинки айларында курулуш тармагы жана чекене сатуу соода багыты экономиканын өсүү булагы болуп калышы мүмкүн. Инвестициянын жогорулоосу насыя импульсундагы жетишсиздикти жабат. Ал эми акча которуулардын агымынын жогорулоосу ички керектөө талаптарын кармап турат”,-деп айтылат докладда.

Евразия өнүктүрүү банкынын болжолдоосу боюнча үстүбүздөгү жылдын күз-кыш айларында импорт өлкөнүн тышкы товар айлантуусунда башкы ролду ойнойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!