​Түз инвестициянын көлөмү жогорулаган

17-Окт. 2017, Шейшемби, 12:25

Биринчи жарым жылдыкта өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында келген инвестициянын көлөмү 27,9 млн долларга жогорулап, 369,5 млн долларды түздү.

Келген инвестициянын негизги бөлүгү 67,5 пайызы кайра үштетүү тармгына багытталган. 12 пайызы геологиялык чалгындоого жумшалган. Каржылоо ортомчулук жана камсыздандырууга 10,4 пайыз. Ал эми калган каражат электр энергия, газ жана буу менен камсыздоо жана курулуш сыяктуу тармактарга салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!