​Кыргызстан дүйнөлүк “Anuga” жарманкесине катышты

18-Окт. 2017, Шаршемби, 17:49

Кыргызстан Германиянын Кельн шаарында 7-11-октябрда өткөн дүйнөлүк ири “Anuga” жарманкесине катышты. Бул тууралуу Соода - өнөр-жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган көргөзмөгө дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсү катышат. Иш-чарага жыл сайын чет өлкөлүк экспорт импорт менен алектенген 160 миңден ашык адам барат.

Бул жылы Кыргызстандан ар кандай экстракт майларын чыгарган “Бишкек Экспо” компаниясы менен фасоль өстүрүү жана экспорттоо боюнча иш алып барган “Абада Трейд” компаниялары катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!