​Кыргызстан Казакстандын колдоосунан баш тартат

20-Окт. 2017, Жума, 16:46

Кыргызстан Казакстандын Евразия экономикалык алкагында бере турган колдоосунан баш тартат. Бул боюнча келишимди үзүү чечимин өкмөт Жогорку Кеңешке жөнөттү.

2016-жылы түзүлгөн Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөттөрүнүн келишимине ылайык Казакстан Кыргызстанга 100 млн. доллар өлчөмүндө ЕАЭБке кошулгандыгы үчүн жардам көрсөтмөк. Буга чейин жардам акчалай түрүндө эмес, техникалык колдоо, лабораторияларга жабдуу иретинде берилери маалымдалган.

Жай айларында Казакстандын парламентти келишимди бекиткен. Апта башында казак өкмөтү 2017-2020-жылдын бюджетин өзгөртүү киргизип, анда 100 млн. долларлык колдоо боюнча дагы айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!