​BIF2017 инвестициялык форуму декабрда өтөт

20-Окт. 2017, Жума, 17:04

BIF2017 инвестициялык форумуна даярдык башталды. Бул тууралуу Жаш ишкерлер Ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, жыл сайын өткөрүлүүчү форум 2017-жылдын декабрь айынын биринчи бөлүгүндө өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Учурда BIF – ишкерлер менен потенциалдуу инвесторлордун жолугуша турган Кыргызстандагы эң ири жана натыйжалуу бизнес аянтчасы болуп эсептелет. 2015-жылы өткөн алгачкы BIF2015 форумунун жыйынтыктарына жараша, 10дон ашуун компания арасында жалпы суммасы 750 000 АКШ долларынан ашуун суммадагы макулдашуулар түзүлгөн. Ал эми BIF2016 форумунда 3 млн. доллардан ашуун суммага 5тен ашуун макулдашуу түзүлгөн. Бул жылы иштеп жаткан орто жана ири ишканалар менен бирге старт-ап долбоорлорду катыштыруу көздөлүүдө.

Аймактардагы ишкерлерди колдоо жана ишкердикти өнүктүрүү максатында, форум алкагында уюштурулуп жаткан “Бизнес-план жазуу” аттуу тренингдери аркылуу окутуп-үйрөтүү программасы пландалууда. Ишкерлерге сапаттуу бизнес-долбоор жазууну үйрөтүүгө багытталган бул программа “Форумга чейин” деп аталган этапта өткөрүлөт.

Окутуу жыйынтыктарынын натыйжаларына жараша, долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын категорияларына дал келген долбоорлор автоматтык түрдө BIF2017 каталогуна киргизилет. "Сиздин долбооруңузга жалгыз гана форум учурунда эмес, форумдан кийин дагы керектүү каржылоого ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү көбөйүүдө",-деп айтылат маалыматта.

"Бизнес-план жазуу” тренингине катышуу үчүн билдирүү 28-октябрга чейин кабыл алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!