Төрага: “Өндүрүшкө каражат аз бөлүнүүдө”

20-Окт. 2017, Жума, 18:35

Көз карандысыздыкты алгандан бери сырттан алынган каражаттардын 1,3 пайызы гана өндүрүштү көтөрүүгө жумшалган. Бул тууралуу Жогорку кеңештин пленардык жыйынында парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, өндүрүш тармагына сырттан келген 9 млрд. доллардын 1,3 пайызы гана жумшалган. Башкача айтканда болгону 117 млн. доллар гана өндүрүшкө багытталган.

“Кайсы өлкө болбосун өнөр-жайды колдоо экономиканын башкы фактору болуп эсептелет. Биз сырттан келген каражаттардын 1 пайыздан бир аз көбүрөөк бөлүгүн гана жумшап жатабыз. Ошондуктан экономика тармагында чоң жетишкендик болбой жатат”,-дейт Турсунбеков.

Ошондой эле, төрага Кыргызстан импортко көз каранды өлкө, ал эми ата мекендик ишкерлер көптөгөн тоскоолдуктарга туш болуп жатат. Ошондуктан өкмөт бул маселени өзгөчө көзөмөлүнө алышы керек. Өндүрүштү күчтөнтүү Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөнү атандаштыкка туруштук берүүгө жөндөмдүү кылаарын кошумчалап кетти.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!