Жалал-Абадда салык жыйноонун көлөмү өскөн

24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:09

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салык жыйноо боюнча жеткирилген план-тапшырма 476 миллион 723,1 миң сом болсо, аткарылганы 488 миллион 749,8 миң сом болду. План-тапшырмадан ашыкча 12 миллион 26,7 миң сом чогултулуп, анын аткарылышы 102,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаев билдирди.

Анын ыйтымында, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларына республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма 248 миллион 256,2 миң сом болсо, аткарылганы 254 миллион 427,6 миң сом болду. Пландын аткарылышы 102,5 пайызды түзүп, бюджетке 6 миллион 171,4 миң сом көп түштү.

Жергиликтүү бюджетке отчёттук мезгилге жеткирилген план-тапшырма 228 миллион 466,9 миң сом болсо, аткарылганы 234 миллион 322,2 миң сомго жетти. Башкача айтканда, пландан 5 миллион 855,3 миң сомго көп салык жыйналып, анын аткарылышы 102,6 пайызды түздү.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жергиликтүү бюджетке 4 миллион 864,5 миң сом көп салык жыйналып, өсүү темпи 102,1 пайызды түзгөн.

Салык карыздары 2017-жылдын 1-январына карата 26 миллион 563,4 миң сомду түзсө, 1-октябрга карата 23 миллион 621,5 миң сомду түзүп, жылдын башындагы карызга салыштырмалуу 2 миллион 316,3 миң сомго кыскарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!