Новиков: Казакстан “жол картасына” кол койгон жок

26-Окт. 2017, Бейшемби, 10:29

Экономика министри Артем Новиков кыргыз-казак өкмөт башчыларынын биринчи орун басарларынын жетекчилигинде эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы чыңалган абалды жөнгө салуу максатында иштелип чыккан “жол картасына” казак тарап кол коюудан баш тартканын билдирди.

Министрдин жүйөсүндө казак тарап аталган документке кол койгон күндө да казак тарап чек араны ачпай турганы айкын болду.

“Казакстан бул кадамды Кыргызстанда аткезчилик менен байланыштырууда. Бул бир гана бизде эмес уюмга кирген бардык өлкөлөрдө бар. 48-пункттан турган “жол картасын” даярдап, ишкерлерибиз чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн диалогго бардык. Алар документке кол коюудан баш тартты”,-деди Новикиов.

10-октябрдан тарта казак тарап чек арадан өтүүнү татаалдаштырып, жай тургундардын жана жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгон. 18-октябрда өкмөт башчы Сапар Исаков расмий Астанага барып, казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, натыйжада кыргыз-казак чек арасынан жай тургундар, жеңил унаалар, жүк ташуучу бош унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишкен. Ал эми оор жүк ташуучу унаалар боюнча эки тарап “жол картасын” иштеп чыкмай болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!