Казакстанда Кыргызстандын сүт азыктары жок кылынды

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:34

Казакстанда Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккан сүт азыктары жок кылынды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү массалык маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык сүт өндүрүүчүлөр ветеринардык-санитардык талапты бузган. Ветеринардык көзөмөл жана айыл чарба көзөмөлүнүн кызматкерлери Алматы шаарындагы кыргызстандык азыктар сакталган “Шарапат” кампасында текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча жана сырлардын жарамдуу мөөнөтү тууралуу ветеринардык документтери болгон эмес. Ошондой эле Казакстанга жеткирүү укугу бар ишканалардын тизмеси жок экени аныкталган. Жалпы 1278 кг азык сатыктан алынып жок кылынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!