Кыргыз-казак чек арасындагы абалды ДСУ карайт

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:55

10-ноябрда кыргыз-казак чек арасындагы абалды дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети карайт.

Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда өткөн маалымат жыйынында Экономика министри Артем Новиков билдирди.

ДСУнун атайын комитетинин жыйынында кыргыз өкмөтү чек арадагы абал боюнча атайын баяндама менен чыгат.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы оор абал боюнча эки өлкө тең мүчө болгон Евразия экономикалык биримдиги жана Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

10-октябрдан тарта Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында көзөмөлдү күчөтүп, адамдардын жана автоунаалардын узак кезек күтүүсү пайда болгон. Казак тарап муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!