Мөңгүдөгү кенди казууга уруксат берилет

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:57

Мөңгү астындагы кен байлыктарды казууга уруксат берилет. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде Суу кодексине өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып үчүнчү окууда жактырылды.

Өзгөртүүгө ылайык, алтын казып алган ишканаларга өзгөчө учурда гана мөңгүлөрдү бузууга уруксат берилет. Мөңгүгө аз зыян келтирилген учурда гана бюджетти түзүүчү ишканаларга, ири салык төлөөчүлөргө өкмөт эксперттик топтун бүтүмү менен гана макулдук берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!