​Казакстан Кыргызстандын сүт ишканаларына тыюу салды

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:08

Казакстан кыргызстандык бир нече ишканалардын товарларын киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка караганда, тыюуу салынган компаниялардын жаңыртылган тизмеси Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтына жайгаштырылган. Анда кыргызстандык “Елимай”, “Ак-Сүт”, “Тууганбаев”, “Шин-Лайн”, “Талас-Сүт” ишканаларына Казакстанга сүт азыктарын алып келүүгө тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!