Кара-Кече кенин иштетүү талабы өзгөртүлөт

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:40

Өкмөт Кара-Кече көмүр кенин иштетүү лицензиясын сатуу боюнча конкурстун талабын өзгөртөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кече көмүр кенин ишетүү боюнча конкрус эки ирэт билдирүүнүн жоктугунан өтпөй калган.

“Бул жерде негизги маселе Кара-Кечеден Балыкчы шаарына чейинки темир жолдун курулушунун наркы жогору болгондугунда. Аталган долбоор 1 млрд. долларга бааланууда. Ушул эле учурда бул долбоорго кытайлык ишкерлер жана кытай-түркия комапанияларынан түзүлгөн консорциум кызыкдар болуп жатат. Учурда өкмөт кенди иштетүү конкрусунун шартын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мисалы, инвесторго алгач кенде жылуулук энергия борборун куруу андан кийин темир жолду курууну сунушутоо”,-дейт Зилалиев.

Эскерте кетсек, аталган долбоордун жалпы наркы 2,5 млрд. долларга эсептелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!