​Жыл ичинде көмүр кымбаттаган

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:15

Өлкөнүн баардык аймактарында көмүрдүн баасы кымбаттады. Бул тууралуу Өкмөттүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде өлкө боюнча көмүрдүн баасы 8-25 пайызга кымбаттаган.

“Бишкек шаарында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көмүрдүн наркы 8 пайызга, Ош шаарында 9 пайызга жогорулаган. Жалал-Абад областында 7, Ысык-Көлдө 4, Баткенде 21, Таласта 25 пайызга кымбаттаган”,-дейт Тайлаков.

Өлкөнүн түндүгүндө көмүрдүн баасынын жогорулашы Кыргыз-казак чек арасында болуп жаткан кырдаалга байланыштуу. Ал эми Түштүктө көмүр экспортко кетет, ошондуктан баа айырмачылыгы жогору. Бирок биз көмүрдүн наркын жөнгө салабыз. Жакынкы күндөрү бул иштер жүргүзүлөт”,-деп коумчалады ал.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!