Амрин: Казакстан көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:50

Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин Казакстандын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө эгерде Кыргызстан казак-кыргыз чек арасында кырдаалды жакшыртпаса, Казакстан көзөмөлдү күчөтөтөрүн билдирди.

“Кызматташуу жетишээрлик профессионалдуу, бирок, казак тарап биргелешип иштөө гана маселени чечүүнүн жолу экенин түшүндүрүү аракеттенип жатат. Себеби, кызматташуу ачык айкындуулукту жаратат. Эгер кыргыз тарап түшүнбөсө, маалымат берүүдөн баш тартса, Кыргызстанда эмне болуп жаткандыгын билбейбиз, көзөмөлдү күчөтүүдөн башка аргабыз жок”,-дейт Госман Амрин.

Эки тарап бир пикирге келгенине бир жумадан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, Кыргызстандан расмий жооп жоктугуна токтолуп, маселенин чечилиши үчүн эки тарапка тең товарлардын баасы бирдей болушу керектигин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!