Дүйнөлүк базарда мунай кымбаттады

3-Ноя. 2017, Жума, 10:16

Алдыңкы мунай биржаларындагы соодалашуунун жыйынтыгы боюнча мунай баасы жогорулады. Бул тууралуу маалыматтар Лондондун жана Нью-Йорктун чийки зат биржаларынын сайттарында жарыяланган.

Келээрки айга карата (жеткизүү) Лондон биржасында мунайдын баасы 0,13 долларга кымбаттап, бир баррели 60,62 долларга бааланууда. Ал эми Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы 0,24 долларга жогорулап, бир баррели 54.54 доллардан сатылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!