“Бозымчак” кенинде кайрадан иш жанданды

3-Ноя. 2017, Жума, 12:14

“Kaz Mınerals” ишканасы айып пул төлөп “Бозымчак” кенинде иш кайрадан жанданды. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агентиги билдирди.

Маалыматка караганда, “Kaz Minerals” ишканасынын лицензиясынын токтотулушуна байланыштуу жыйын болгон. Жыйында “Бозымчак” кенин иштетүүгө лицензияны жандандыруу чечими кабыл алынды. Ишкана арчалар кыйылгандыгына байланыштуу айып пул төлөдү.

Эскерте кетсек, буга чейин ишкананын лицензиясын 3 айга токтотуу боюнча чечим кабыл алынган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!