“Кыргызстанда бизнес билимге муктаж”

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:49

ЖИА бизнес ассоциациясы ишкерлердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, бизнес долбоор жазуу тууралуу талкуу уюштурду.

ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров иш-чараны уюштуруу зарылдыгы мурдагы жылдары өткөн BIF ишкерлер форумунун жыйынтыгы көрсөткөн кемчиликтерди жоюуга багытталганын билдирди.

Анын белгилөөсүндө, тажрыйбасы мол бизнес тренерлер менен инвестициялык аналитиктер аймактардагы ишкерлер менен иштөө учурунда бир нече көйгөйлөрдү аныкташкан.

Алар:

Бизнес идеянын тартыштыгы;

Каржы жана бизнес сабаттуулугунун жетишсиздиги;

Кагаз бетине түшүрүлгөн сапаттуу долбоорлордун аздыгы;

Ишкерлер долбоорду каржы тилинде жаза албагандыгы.

Эки жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан BIF форуму – ишкерлер менен инвесторлорду жолуктуруучу аянт болуу максатын көздөйт. Быйыл үчүнчү ирет өткөнү турган форумдун алдында ишкерлер үчүн каржы жана бизнес сабаттуулугун жогорулатуу максатында окуу-семинарларын уюштурдук. Окутуу зарылдыгы мурдагы өткөрүлгөн форумдан кийин пайда болду. Бизде көпчүлүк ишкерлердин идеясы болгону менен аны бизнестин тили менен жеткире алышпайт. Долбоор тандоо, чогултууда олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болдук. Кайрылган инвесторлорду ишкерлер кармай албай калууда”,-деди Пакыров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда BIF инвестициялык форуму быйыл үчүнчү ирет өткөнү турат. Биринчи форумда 40 долбоор тандалып алынып, жалпы суммасы 750 000 доллар суммасында макулдашуулар түзүлгөн. Өткөн жылы уюштурулган форумда 60 долбоор тандалып алынып, 2,8 млн. долларлык келишим тузүүгө жетишилген. Уюштуруучулар быйыл өтө турган форумда бул көрсөткүчтөр дагы жогорулайт деген ишенимде.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!