Карыз 3 млрд. 968 млн. долларга жетти

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:42

Бир жыл ичинде Кыргызстандын сырткы карызы 205,4 млн. долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-октябрга карата өлкөнүн сырткы карызы 3 млрд. 968 млн. долларды түздү. Башкача айтканда өлкөнүн насыя берүүчү 16 уюмдагы карызы өскөн. Бир гана Түркия өкмөтүнө болгон карыз өзгөрүүсүз калган. Кыргызстан чет мамлекет, эл аралык каржы уюумдар жана чет өлкөлүк банктар сыяктуу жалпы 22 тараптан насыя алат.

Эң ири насыя берүүчү уюм Кытайдын экспорт-импорттук банкы. Аталган банкка бир жыл ичинде, болгон карыз 196,5 млн. долларга өскөн. Кыргызстан бул банкка жалпы 1 млрд. 630 млн. доллар карыз. Ал эми Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз 22,6 млн.сомго жогорулаган.

Ошондой эле айрым насыя берүүчүлөргө болгон карыз азайган. Алар:

Даниянын экспорттук насыя фондуна болгон карыз 100 миң долларга азайган.

Түштүк Кореянын Эксим банкына, 0,75 млн. долларга,

Эл аралык валюта фондуна 7,7 мнл. долларга,

JICAга 28,6 млн. долларга кыскарган

Россияга 30 млн. долларга карыз төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!