Жолдордун сапаты тууралуу мыйзам каралды

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 17:42

Жогорку кеӊеште “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, аталган мыйзамдын максаты авто унаа жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү, жолдордун сапатын жогорулатуу жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу.

Демилгечилердин бири Марат Аманкуловдун айтымында жолдун кепилдик мөөнөтү өтө кыска. Унаа жолдорун курууда куруучулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ал 5 жылга чейин узартылат.

“Эл аралык тажырыйбада дагы ушундай. Россия, Кытай, Финляндия сындуу кепилдик мөөнөтүн 25-30 жылга чейин койгон өлкөлөр бар. Жол куруучу компания жолдун сапатына жакшы көӊүл буруп, ал ушул мөөнөттүн ичинде бузула баштаса, өзүнүн эсебинен оӊдоого тийиш”, - дейт Аманкулов.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы жол тармагынын жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзөт. Жүк ташуулардын 96 пайызын жана жүргүнчүлөрдү ташуулардын 98 пайызын камсыз кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!