​Бюджеттин чыгымы 102,8 млрд. сомду түздү

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 18:05

Үстүбүздөгү жылдын 10 айындагы республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 102 млрд. 828 млн. сомо жеткен. Бул тууралу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кеткен чыгымдын 22,5 млрд. сому бюджетте иштегендердин айлык акысы төлөөгө жумшаган.

Кайсы багыттарга жумшалган:

Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 14,5 млрд. сом,

Саламаттыкты сактоо тармагына жумшаган чыгымдарга 10 млрд. сом,

Имараттарга жана курулуштарга 10,4 млрд. сом,

Мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон милдетмелерди жоюуга 7,3 млрд. сом,

Социалдык жардам боюунча жөлөк пулга 6,2 млрд. сом жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!