Күйүүчү май тартыштыгы болбойт

10-Ноя. 2017, Жума, 13:33

Өлкөдө бензин жана дизель майына баа көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө дизель отуну 20 күнгө, бензин бир айга жетет. Учурда Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин чыгарууну кайра жандантты. Бирок, Россиядагы мунай зат иштетүүчү заводдордогу бааны көтөрүлүшүнө байланыштуу күйүүчү майдын импорттук баасы жогорулады. Андыктан, өлкөдө бензин жана дизель майына баа көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, кечээ парламенттин отурумунда депутат Исхак Пирматов бир жумадан кийин өлкө күйүүчү майсыз каларын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!