Өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү 13,7 пайызга өстү

10-Ноя. 2017, Жума, 14:04

Кыргызстан өнөр-жай продукциясын көп өндүрө баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, металл рудаларын өндүрүү, тазаланган мунай продуктыларын, металл эмес минералдык продуктуларды, негизги метталлды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү көбөйгөн. Өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү өткөн айга карата 179 млрд. сомду түздү. бул көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,7 пайызга көптүк кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!