​Чек арада унаалардын кезеги кайрадан узарды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 10:27

Чек ара өткөрүү бекеттеринде кайрадан жүк ташуучу унаалардын кезеги узарды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” чек ара өткөрүү бекетинде 165, “Чоң-Капка” бекетинде 135 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми “Ак-Жол” чек ара бекетинде кезек жок. Жарандарды казак чек арачылары токтоосуз өткөрүүдө.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрүү бекеттерин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн. Ала эми апта башында казак чек арачылары текшерүүнү тездеткен. “Ак-Тилек” чек ара өткөрүү бекетиндеги унаалардын кезеги кыскарып, 40тай уунаа калган. Чек ара кызматы, Казакстан бош жүк ташуучу машиналарга жол ачканын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!