Салык кызматы: өзгөртүүдөн каражат үнөмдөлдү

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:22

Салык кызматы тарабынан кошумча нарк салыгына эсеп-фактура бланкасын берүүнү алып салуудан бир жыл ичинде 2,8 млн. сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир жыл ичинде кошумча нарк салыгына эсеп-фактура бланкасын берүүнү алып салуудан бюджеттик каражат 2,8 млн. сомго үнөмдөөгө жетишилген.

Жаңы механизмдин киргизилишине чейин эсеп-фактурасынын бланкасын даярдоого, ташып жеткирүүгө жыл сайын бюжеттен акча жумшалып турган. Ошондой эле алардын эсеп-кысабын иштөө үчүн салык кызматкерлеринин убактысын алып турган, атайын техникаларды жайгаштырууга кошумча бөлмөлөр керектелген.

Бул механизмди алып салуу салык төлөөчүлөргө да жагымдуу шарт болду.

2017-жылдын 12-августунда Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, бул эреже өткөн жылдын 7-ноябрынан бери күчүнө кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!