​Көчмөндөр оюндарына 300 млн. сом каралууда

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:15

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө респубикалык бюджеттен 307,2 млн. сом каралып жатат. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет комитетинин жыйынында билдирди.

“2018-жылы өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюунун өткөрүүгө респубикалык бюджеттен 307,2 млн. сом каралып жатат. Ал эми улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө 300 млн. сом каралган”,-дейт Касымалиев.

Эскерте кетсек, паламентте эл өкүлдөрү 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга өлкө бюджетинин болжолун карап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!