Бюджетке 2,5 млрд. сом түшпөй калышы мүмкүн

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:43

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара маселесинин кесептинен бюджетке 2,5 млрд. сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет комитетинин жыйынында билдирди.

“Чек арадагы кырдаалдан улам бюжетке 2,5 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн. Тактап айтканда, Бажы кызматынан 500 млн. сом, Салык кызматы тарабынан 2 млрд. сомго жакын каражат түшпөй калуу коркунучу бар. Ошондой эле мындай коркунуч Эл аралык каржы уюмдарынан болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Эл аралык валюта фондунун эсептөөсү боюнча экономикалык жоготуулар 200 млн. доллардан ашкан. Бул көрсөткүч Кыргызстандын экономикасынын 0,3 пайызга төмөндөөсүнө алып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!