​Дүйнөлүк соода уюму Кыргызстанга колдоо көрсөтөт

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:26

Дүйнөлүк соода уюму Кыргызстанга консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директорунун орун басары Ю. Сяочжун менен Женевада жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгы Кыргызстанга тийиштүү консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылган. Ошондой эле уюмдун түрдүү аспектилерин үйрөтүү боюнча министрликтердеги кызматкерлерди окутуу белгиленди.

Сазбаков, Женева шаарына кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маселени талкуулоо үчүн барган. Ал жолугушууда чек арадагы абал маалыматтарды билдирип, көрсөтүлө турчу колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!