​Макмал кенинде алтын аз калды

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:43

“Макмал” алтын кенинде алтындын кору 700 килограмм аз. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, кенде казып алууга мүмкүн болгон алтындын кору 700 кг аз. Алтынды казуу үчүн жердин алдына 3,5 чакырым кирүү керек болот. 2018-жылы аны иштеп чыгуу максатсыз болуп калат.

Эскерте кетсек,“Макмал” кени 1986-жылы негизделген. Кендин кубаттуулугу 10 жылга эсептелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!