​Өкмөт көмүр баасын көзөмөлдөйт

17-Ноя. 2017, Жума, 09:48

Өкмөт башчы Сапар Исаков өлкө аймагында сатылуучу көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, атайын токтомдун негизинде 90 күн ичинде көмүрдүн наркы көзөмөлгө алынат. Көмүрдүн баасын жөнгө салып туруу менен кыш мезгилинде элди жеткиликтүү баадагы отун менен камсыздоого мүмкүндүк түзүлөт. Ошондой эле ортомчулукка да жол берилбейт.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасына карата чара көрүү тапшырмасы берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!