Ундан алынбаган акча кимден алынат?

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:01

Ун жана буудай импортун кошумча нарк салыгынан бошотуудан 2 жылда өлкө бюджетине 1 млрд. 134,8 млн. сом түшпөй калган. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Өкмөт Кыргызстанга буудайды импорттоодо кошумча нарк салыгын кайра киргизүүдө. Буга байланыштуу мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Учурда эгинди жана унду импорттоо жана алып келүү боюнча кошумча нарк салыгынын коюмун 12 пайыз өлчөмүндө белгилөө демилгеси сунушталып жатат.

Эскерте кетсек, жергиликтүү ун өндүрүшчүлөрдүн казакстандык өндүрүшчүлөр менен атаандашуусуна шарт түзүү максатында сырттан ташылган буудай жана андан чыгарылган ундан кошумча нарк салыгы алынып салынган. 2016-жылы ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн Жогорку Кеӊештен кабыл алынып, президент кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!