Кыргызстандын чек ара маселеси БУУда каралды

Кыргызстандын чек ара маселеси БУУда каралды
21-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:35

Казакстан чек арада жасалма тоскоолдуктарды жаратып жатканы тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, БУУнун баш кеңсесинде 17-ноябрда экономикалык, экологиялык жана каржы маселелерине байланыштуу резолюциялардын топтому каралды. БУУга мүчө мамлекеттерине маалымат билдрди.

Кыргызстандын делегациясы коңшу өлкө тарбынан Кыргызстанга экономикалык залака келтирүү жана өлкөнүн инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүү максатында кыргыз-казак чек арасында экономикалык жана транспорттук блокада жасалып жатканы тууралуу БУУга мүчө мамлекеттерине маалымат берди.

"Аталган резолюцияга 116 мамлекет макулдугун берди, алардын ичинде Кыргызстанда бар. Кабыл алынган документ эки өлкө ортосундагы чек арадагы түзүлөн кырдаалдын жөнгө салышына кызмат кылаарына үмүт бар",-деп кабарлашты ТИМден.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!