​Ат-Башыга логистикалык борбор курулат

25-Ноя. 2017, Ишемби, 09:12

Нарын облусунун Ат-Башы районуна индустриалдык соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Сапар Исаков Ат-Башы районуна логистикалык борбор куруу үчүн Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагынан 200 га жер тилкеси бөлүп берүү боюнча токтомго кол койду.

Ат-Башы районундагы индустриалдык соода-логистикалык борборду куруу менен 3 миң жаңы жумушчу орундары түзүлүп, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жакшы шарттар жаралат.

Логистикалык борборду куруунун максаты, өндүрүштү, кайра иштетүү жана агро өнөр жай тармактарын өнүктүрүү, эскпортко товар чыгаруу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жана жергиликтүү калктын тиричилик деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.

Борбор “Европа - Кавказ – Азия” транспорт коридорун бириктирген Бишкек – Нарын - Торугарт - Кашкар жолунун боюнда жайгашат. Бул Кыргызстандын товарларын Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө чыгарууга ыңгайлуу шарт түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!