​ЕАЭБ: бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлөт

25-Ноя. 2017, Ишемби, 10:32

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө бирдиктүү төлөм мейкиндиги 2019-жылдын аягына чейин түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн улуттук төлөм системаларынын жана улуттук банктардын жетекчилеринин экинчи жумушчу жолугушууларынын жыйынтыгынан кийин белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү иштерин 2019-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалып жатат. Учурда бирдиктүү төлөм системасы тууралуу келишимдер даярдалууда. 2018-жылдын биринчи жарымында документтерге кол коюлушу мүмкүн. Бул багытта Россия менен Белорусия бирдиктүү иш алып баруу боюнча келишим түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандын “Элкарт” төлөм системасы менен интеграциялашуу боюнча жол картасы бекитилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!