​Жашыл экономиканы түзүүгө шарттар бар

25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:00

Жаратылыш ресурстарын альтернатива түзбөстөн жок кылуудабыз. Бул тууралуу “Жашыл экономика: теориядан тажрыйбага. Бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү” форумунда вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Кыргызстан учурда туруктуу өнүгүүдө кооптонууларды жараткан экологиялык мүнөздөгү маселелерге туш болууда. Алар энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн начардыгы, жаратылыш ресурстарын альтернатива түзбөстөн жок кылуу, табигый экологиялык системаны жоготуп жаткандыгыбызды баса белгилеп кетүү керек. Өлкөдө климаттын өзгөрүүсү олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Бизде суу ресурсу кыйла опурталдуу. Кыргызстанда жашыл экономиканы түзүүгө бардык шарттар бар. Бул багыт артыкчылыктуу. Биз бул багытта бара жатабыз. Өкмөт тарабынан “Жаңы доорго кырк кадам” долбоору башталды. Жашыл экономика бул программага киргизилет”, - дейт Абдыгулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!