Кара-Суу дарыясына ГЭС курулат

25-Ноя. 2017, Ишемби, 13:30

Каракөл ГЭСин куруу үчүн ачык инвестициялык сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекттик мүлк фондусунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Каракөл гидроэлектростанциясы” ачык акционердик коому долбоордук кубаттуулугу 18 МегаВатты түзгөн гидроэлектростанциясын курууга сынак жарыялады.

ГЭС Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясынын сол жээктеги куймасы болгон Кара-Суу дарыясына Токтогул ГЭСине жакын тилкеге курулат. ГЭСти курууга 25 млн. доллар керектелет. Анын орточо жылдык электр энергия иштеп чыгуусу 110 млн. кВт/саатка жетет. Инвестициялык сынак 2017-жылдын 25-декабрында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!