​Январда чылым кымбаттайт

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:04

1-январдан тарта бир куту чылымдын баасы 40-50 сомдон төмөн болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга ылайык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.

Мыйзамдын негизги максаты чылым чегүүчүлөрдүн чылым тартуусун азайтуу жана калктын саламаттыгын чыңдоо болуп эсептелет.

Ал эми өткөн жылдагы чылымдын наркын 40 сомго жеткирүүнүн максаты бюджетти көтөрүү максаты болгон.

Аталган мыйзамга ылайык чылымдын баасы жыл сайын 10 сомго жогорулап турат. 2022-жылдын 1-январынын тартып бир куту чылымдын наркы 90 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, бир аз убакыт мурун өкмөт шарап, сыра, бальзам жана коняк сыяктуу алкогол ичимдиктерине акциздик салыктын түзүмү жогорулаткан. Мыйзам декабрда күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!