​Кыргызстан баш тарткан акча кайда жумшалды?

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:09

Казакстандын расмийлери Кыргызстанга жардам иретинде бере турган 100 миллион доллар эмнеге жумшалганын жарыялашты. Бул тууралуу КТК телеканалы билдирди.

Маалымата караганда, Кыргызстан Астанага акчадан баш тартканы туурасында расмий кат жолдогон.

Аталган каражат Евразиялык экономикалык биримдигине кошулууда техникалык жардам иретинде берилмек болгон. Эми Казакстандын өкмөтү 100 миллион долларды мамлекеттик программага жумшамакчы.

Эскертке кетсек, Жогорку Кеңеш эки мамлекет жетишилген келишимди бир тараптуу жоккго чыгарып, акчадан баш тарткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!