Бюджет 20 млрд. сом дефицит менен жактырылды

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:17

29-ноябрда Жогорку Кеңеш 2018-жылдын бюджетин 20 млрд. 267 млн. дефицит менен жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

2018-жылдын бюджети тууралуу мыйзам 3-окууда каралып жактырылды. Эми аталган документ президенттин кол коюуусуна жөнөтүлөт.

Белгилүү болгондой келерки жылы бюджеттин кирешеси 140 млрд. 882 млн. сом болору күтүлүүдө. Ал эми бюджеттин жалпы чыгашасы 161 млрд. 149 млн. сомду түзүшү мүмкүн.

Дефициттин ички дүң өндүрүмгө болгон салыштырмалуу көлөмү 3,8 пайызды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!